Депутат Чолпон Эсенаманованын айтымында, бул айылдардын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет, бирок жазгы талаа иштеринде жана жай мезгилинде айыл чарба жерлерине суу жетишпейт.
Ал профилдик мамлекеттик органдарга Бухара жана Тельман айылдары үчүн суткалык жөнгө салуучу бассейндерди курууну тапшырууну суранды.
Мындан тышкары, Эсенаманова Панфилов районунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу турак жай комплекстерин куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Депутат бул маселелер боюнча протоколдук тапшырмаларды берүүнү өтүндү.





















