Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу Тескей айылында сугат суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келет. Бул тууралуу 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова билдирди.

Депутаттын айтымында, долбоордун сметалык баасы 30 млн сомду түзөт. Аны ишке ашыруу болжол менен 50 гектар айыл чарба жерин сугат суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

30 млн сом Долбоордун баасы

Даяр долбоордун сметалык наркы 30 млн сомду түзөт.

Нилуфар Алимжанова белгилегендей, Жаңы-Ноокаттын тургундары негизинен дыйканчылык менен алектенишет, бирок көп жерлер сугатсыз кайрак жер. Эл менен жолугушууларда министрлер бул маселени чечүүгө бир нече жолу убада беришкен, бирок азырынча эч нерсе жасала элек.

Жаңы-Ноокаттын тургундары негизинен дыйканчылык менен алектенишет, көп жерлер кайрак. Эл менен жолугушууларда министрлер өздөрү бул маселе чечилет деп бир нече жолу убада беришкен, бирок азырынча эч нерсе жасала элек. Долбоор даяр, профилдик министрликке тапшырма берүү керек.
Депутат Нилуфар Алимжанова

Депутат маселени чечүүнү келерки жылдан баштап баштоону суранды.