Кыргызстанда имараттарды энергетикалык сертификациялоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун 24.kg маалымдады.
Документ 2012-жылдын 2-августундагы өкмөттүн № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизет. Ал токтом имараттарды энергетикалык сертификациялоону жана казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергия натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен көзөмөлдөөнү жөнгө салат.
Энергия натыйжалуулуктун жаңы шкалалары
Өзгөртүүлөргө ылайык, энергетикалык сертификациялоодо имараттарга бир нече көрсөткүч боюнча A дан G чейинки энергия натыйжалуулук класстары ыйгарылат.
- жылытууга жана ысык суу менен камсыздоого кеткен жылуулук энергиясынын чыгымы;
- жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн энергияны пайдалануунун энергия натыйжалуулук классы;
- имараттын жалпы энергия натыйжалуулук классы;
- баштапкы энергиянын көрсөткүчтөрү боюнча энергия натыйжалуулук классы.
Мындан тышкары, имараттарды энергетикалык сертификациялоо тартиби жөнүндө жобонун № 5 тиркемеси жаңы редакцияда берилди. Анда энергетикалык класстардын тиешелүү шкалалары белгиленген.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.




















