Энергетика министрлиги эскерткендей, Камбар-Атин ГЭС-2нин ачык суу агызуучу жайы курулбаса, объект суу астында калышы мүмкүн. Себеби азыр ГЭС-2де бир гана генератор иштеп, сууну ошол аркылуу өткөрүүгө туура келет.
Жогорку Кеңеш 28-октябрда Камбар-Атин ГЭС-2нин ачык суу агызуучу жайын курууга Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун насыясын ратификациялоо макулдугун биринчи окууда жактырды. Келишимге 2026-жылдын 16-июлунда Бишкекте кол коюлган.
Депутат Болот Борбиев Кара-Жыгач айылынын тургундарынын сугат суусу менен камсыз болбой жатканын көтөрдү. Анын айтымында, 1970-жылдары суу каптоо аймагынан көчүрүлгөн тургундар азыркыга чейин сугат суусуз жашап келишет.
Депутат белгилегендей, Камбар-Атин ГЭСинен өз агымы менен суу алып келүүчү каналдын долбоору даяр, бирок ГЭС-2нин дирекциясы макулдук бербей жатат, себеби бул стратегиялык объект.


















