Тогуз-Торо районунда 1 миң гектар аянттагы кайрак жерлерди суу ресурстарына туташтыруу маселеси каралууда. Бул демилге президент Садыр Жапаровдун региондун тургундары менен жолугушуусунун жүрүшүндө белгилүү болду.

Каргалы айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Омуракунов мамлекет башчысына кайрылып, көрсөтүлгөн жерлерге суу жеткирүү маселесин тездетүүнү өтүндү. Анын айтымында, буга чейин бул маселе боюнча облустун жетекчилигине кайрылуулар жөнөтүлгөн, бирок иштер токтотулган.

Райондун акимы Нурлан Эшмукамбет уулунун маалыматы боюнча, бул долбоор Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген. Аким азыркы учурда долбоордук-сметалык документация иштелип чыгып жатканын, иштер каражат бөлүнгөндөн кийин гана башталарын тактады.