Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 5-июлда кайрылган Б.А. аттуу жаран алдамчылыкка кабылганын маалымдады.
Анын айтымында, 2024-жылдын май айында таанышы болгон Ы.Б. деген адам курулуш тармагында иш баштап, чогуу бизнес жүргүзөбүз деген шылтоо менен 50 миң доллар каражат алган.
Бирок Ы.Б. өзүнө алган милдеттерин аткарбай, ишти баштамай, акчаны кайтарбай качып кеткен.
Кылмышка шектүү катары Ы.Б., 1998-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаарынын Жоруктардын жана башка кылмыштуулуктардын бирдиктүү реестрине катталды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

