Европанын Испания жана Франция өлкөлөрүндө бир нече күндөн бери уланып жаткан масштабдуу токой өрттөрү аномалдуу ысык, кургакчылык жана катуу шамалдын айынан күчөп бараткандыгы маалымдалды. Буга байланыштуу эки өлкөдө жалпысынан 300 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Франциядагы абал
Францияда өрттүн кесепетинен 42 миң гектар жер күйүп кетти. Атлантика океанынын жээгиндеги Кап-Ферре курорттук жарым аралы толугу менен эвакуацияланган. Ошондой эле Бордо шаарына жакын жайгашкан аймактан 200 миңге жакын адам, ал эми Франциядагы дагы алты калктуу конуштан 55 миң адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Франциядагы кырсыктын масштабы


