Ош шаарынын ИИМ басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, Ак-Буура райондук милициясынын кызматкерлери үйөрдөн уурдаган буюмдар боюнча шектүү адамды кармашты.
Бул окуя боюнча 3-ноябрда Ош шаарынын 2008-жылы туулган жараны милицияга арыз менен кайрылган. Ал үйүн бир аз убакытка ачык калтырып койгондо, белгисиз адам ичкери кирип, столдун үстүндө турган iPhone телефонуну уурдап кеткенин айткан.
Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жана тергөөгө чейинки текшерүүнү жүргүзүштү. Алар райондун тургундарынан сурап, видеокамералардын жазууларын изилдешти. Натыйжада, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, 1989-жылы туулган Ж.П. уурдоо боюнча шектүү катары кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ж.П. мурда да бир катар үй уурдоо кылгандыгы үчүн издөөдө болгону аныкталган.
Ал ээлери көзөмөлсүз калтырган, эшиги ачык үйлөргө кирип, баалуу буюмдарды, анын ичинде мобилдик телефондорду жана велосипеддерди уурдап, андан кийин аларды төмөн баада саткан.
Учурда шектүү төрт ургаан уурулук фактысы боюнча кармалган, тергөө иштери уланууда.











