Санариптештирүү доорунда интернет-алдамчылык жана банк эсептеринен акча уурдоо учурлары көбөйүүдө. Буга байланыштуу электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыктарын жана SIM-карталарды атайылап үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген.

Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Бекжан Бердибековдун айтымында, 2025-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, 209-1-берене менен толукталган. Бул берене электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыктарын жана SIM-карталарды атайылап үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу үчүн жоопкерчиликти карайт.

Санариптештирүү доорунда интернет-алдамчылык жана банк эсептеринен акча уурдоо учурлары көбөйүүдө. Буга байланыштуу электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыктарын жана SIM-карталарды атайылап үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген.
Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Бекжан Бердибеков

Аталган берене күчүнө киргенден бери Ош шаардык прокуратурасы ички иштер башкармалыгы менен биргеликте 52 кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш иштери боюнча статистика

52жалпы кылмыш иши козголгон
25тараптардын элдешүүсү боюнча токтотулган
16сотко өткөрүлгөн

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы боюнча айыпталуучулар жабырлануучуларга келтирилген зыянды өз ыктыяры менен төлөп беришкен. Тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу 25 кылмыш иши токтотулган, 16 кылмыш иши сотко өткөрүлгөн, калган иштер боюнча тергөө амалдары уланууда.

Ош шаардык прокуратурасы ар бир кылмыш ишинин жагдайларын ар тараптуу, объективдүү жана толук иликтөө, ошондой эле күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүнү улантууда.