Ош шаарындагы Тилеке баатыр жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Бексултан» базарынын мурунку аянтында соода жайларын жана көп кабаттуу турак жайларды куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаарынын архитектура башкармалыгынын начальнигинин орун басары Мирлан Өмүралиев билдирди.
Анын айтымында, аталган аянттын багыты өзгөртүлүп, коомдук-турурак зонасына которулган. Бул чечим 2023-жылы деталдуу план бекитилгенде кабыл алынган.
Бул аянт коомдук-турурак зонасына которулган. Демек, ал жерде көп кабаттуу үй, соода жайларын куруп, участокту коммерциялык максатта пайдаланууга болот
Коммуникациялар маселеси
Буга чейин «Бексултан» базарынын аянтынын астынан канализация же суу түтүктөрү өтөт деген маалыматтар айтылып, ошондой эле бул участок аркылуу жол курулушу мүмкүн деген божомолдор болгон.
Мирлан Өмүралиевдин билдиришинче, түтүк системасын зарыл учурда жылдырууга болот, ал эми башкы планда коммуникациялар өткөндүгүнө байланыштуу курулушка тыюу салган жобо жок.
Документтен
Өнүгүү жолунда «бул жерде бир нерсе каралган, ошондуктан эч нерсе кылууга болбойт» деген мамиле болушу мүмкүн эмес. Мисалы, жолдорду кеңейтүүнүн натыйжасында чоң советтик үйлөр бузулуп, алардын аймактары аркылуу жолдор салынууда. Негизинен, мындай түшүнүк жок
Мындан тышкары, бул аянт жеке менчикте экени белгилүү болду.





















