Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери Кыргызстанга мобилдик телефондорду мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунда чет элдик мамлекеттик номери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулган. Унааны текшерүүдө 249 iPhone, 109 Samsung, 2 LG телефондору жана зымсыз кулакчындар табылган. Продукциянын болжолдуу баасы 17,9 млн сомду түзөт.
Тартылган продукция
Тергөөнүн маалыматы боюнча, мобилдик түзүлүштөр Кыргызстанга бажы жол-жоболорунан өтпөй жана тийиштүү төлөмдөрдү төлөбөй алып келинген. Телефондор Алматы шаарынан ташылып келингени аныкталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ташууга чет элдик жарандар тартылып, аларга ар бир ташыган бирдиги үчүн акчалай сыйлык убада кылынган. Телефондор таңгаксыз ташылып, унаанын ар кайсы жерине, анын ичинде кыймылдаткыч бөлүгүнө жана кузов элементтерине жашырылган.
Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган В.М. аттуу чет элдик жарандар кармалды. Сот аларга карата Бишкектеги №1 тергөө абагында эки айлык камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси («Экономикалык контрабанда») менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

















