Бишкек мэриясы жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү иштерин улантууда. Бул багытта Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги оңдоо иштери 23-июлдан тарта башталды.
Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки үч тилкелүү жол бөлүгүнүн параметрлерин белгиленген нормативдик талаптарга ылайык келтирүү жумуштары жүрүүдө.
Долбоордун негизги максаты — бул магистралдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, тыгындарды азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу. Иштер аяктагандан кийин бул аймактагы транспорттун кыймылы ыңгайлуу болуп, шаардын негизги магистралдарынын биринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү бир кыйла жогорулайт деп күтүлүүдө.
Учурда курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бул мөөнөттө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Мэрия айдоочулардан жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну, маршрутту алдын ала пландаштырууну жана убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоону суранат.





