Ош шаарында курулуш ченемдерине каршы курулуп жаткан эки кабаттуу кафе жана автотүзөөчү жайды бузуу иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында адистер мыйзам талаптарын бузгандыгын жана бекитилген долбоордон четке кетишин аныкташкан. Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берилген.
200 000 сом айып пул
Кафенин ээси аныкталган мыйзам бузуулары үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөөгө мажбур болгон.
Агенттиктин маалыматына ылайык, кафенин ээси менен курулуш ченемдерин жана эрежелерин (СНиП) сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми 7-ноябрдан тартып объекттин ээси курулуп жаткан имаратты өз ыктыяры менен бузууну баштаган.








