Кыргызстандын үч шаарында мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн робототехника боюнча акысыз окутуулар өткөрүлөт. Бул долбоордун алкагында 7-11-класстардын окуучулары заманбап технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Окуу программасына программалоо, луноход чогултуу, жасалма интеллект менен иштөө жана виртуалдык реалдуулук (VR) технологиялары менен таанышуу камтылган. Ошондой эле, математика, физика жана информатика мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулат.
Окутуулардын графиги
- 7–9-декабрь
Ош шаарында
- 10, 11 жана 14-декабрь
Манас шаарында
- 15–17-декабрь
Кызыл-Кия шаарында
Катышуу акысыз, бирок алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Каттоо үчүн @nomad_news_ru каналына кайрылуу керек.






