Ортосай базарындагы кафе бузулду
Бишкектеги Ортосай базарынын жери боюнча жүргүзүлгөн инвентаризация учурунда, Суюркулов көчөсүндөгү муниципалдык жердин арендага берилген участогуна кафе мыйзамсыз жайгаштырылганы аныкталды.
Мэриянын маалыматы боюнча, аталган жер паркинг уюштуруу үчүн берилген, бирок аренда мөөнөтүн бузуу менен тамактануу объект курулган.
Муниципалитет бул кафе объектин демонтаждап, азыркы учурда аталган участокту жакшыртуу ишин жүргүзүүнү пландап жатат.













