Текшерүү учурунда курулуш иштерин уюштурууда жана жүргүзүүдө белгиленген талаптардын, коопсуздук эрежелеринин жана шаар куруу мыйзамдарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында бир катар объектилерде мыйзам бузуулар аныкталды.

Атап айтканда, КР 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» курулуш нормаларынын жана «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Текшерилген объектилер

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчы уюмдарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык жалпы 1 млн сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, аларды жоюу тууралуу буйруктар берилди.