Ош шаарынын мэриясы калкты көмүр менен камсыздоо боюнча маалымат таратты. Учурда шаарда көмүрдү алты аянтчадан сатып алууга болот. Баасы бардык жерде бирдей — тоннасы 6 миң 513 сом.

Көмүр сатылган аянтчалар жана көлөмдөрү

  • 145 тонна — Татар айылы, Уларов көчөсү (Жапалак айыл аймагы);
  • 160 тонна — Мениш уулу айылы (Жапалак айыл аймагы);
  • 20 тонна — Нагорная көчөсү, 3а (Туран, 1-Адыр);
  • 500 тонна — Раззаков көчөсү, 15б/3;
  • 60 тонна — Халмурзаев көчөсү, 20;
  • 55 тонна — Кыргызстан айылы, Бегиев көчөсү, 33А.

Ошко жеткирилген көмүр

940жалпы көлөм (тонна)
6 513сом, 1 тоннанын баасы
6аянтча

Мэрия шаарды көмүр менен камсыздоо иштерин улантып жатканын билдирди. Көмүр кампаларын ачкысы келген ишкерлер кызматташууга чакырылат.

Ошто 700дөн ашык көп кабаттуу үй жана 50 миңден ашуун жеке менчик үй бар. Алардын көпчүлүгү көмүр менен жылытылат, калгандары газ жана электр энергиясын колдонушат.

96 000 тонна Оштун жылдык көмүргө болгон муктаждыгы