Жыйында 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселелери каралды.

Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга турак жайга байланыштуу маселелерди толук чечүүнү, ар бир учурду жекече карап чыгууну жана кечиктирүүлөргө жол бербөөнү тапшырды.

Биз ар бир жабыркаган үй-бүлөнүн маселесин жекече карап, тез арада чечишибиз керек.
Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Жыйындын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы кабыл алынган чечимдерди белгиленген мөөнөттө толук ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.