Гапар Айтиев атындагы Улуттук музейде «Ээрчип келген ээрден» аттуу жайкы программасынын алкагында нымдуу валяние ыкмасы менен ала кийиз жасоого мастер-класстар уюштурулат.
Бул мастер-класстар 20 жана 27-августта өтүп, аларга катышуучулар кыргыздын салттуу ала кийиз өнөрү менен таанышышат.
Катышуучулар белгилүү кыргыз усталары Жумабай Уметов жана Токтогул Касымовдун иштери негизинде оммаж жасоо техникасын өздөштүрүшөт.
Мастер-класстарды салттуу өнөр боюнча адис Мунара Абдукахарова өткөрөт.









