10-ноябрь күнү кечинде Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (УОБДД) басма сөз кызматы аба ырайынын кескин өзгөргөнүн билдирди. Айрыкча Төө-Ашуу ашуусунда аба массасы алмашып, калың кар жаап, тыгыз туман түшүүсү байкалууда.
Учурда УОБДД кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жолдогу коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат.









