Ош шаарында Ак-Буура–Араван каналына кулап түшкөн 27 жаштагы эркек кишини издөөлөр мезгил-мезгили менен уланууда.
29-июлда Р.Юнусова көчөсүндөгү каналдан адам түшкөнүн «112» үч кызмат аркылуу кабарлашты. Аталган билдирменин негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары дароо ишке киришти.
30-июлда издөө иштерине Ош шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын 86 кызматкери, Ички иштер министрлигинин 15 кызматкери жана жоголгон адамдын 30 жакыны тартылды.
Учурда издөө иштерине үзгүлтүксүз түрдө аракеттер жумшалууда.

