2026-жылдын 15-июлунда Араван районундагы Добо-Коргон айылынын аймагында_daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаа Фергана каналында кулап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Унаада эки адам болгон: 17 жаштагы жигит менен 45 жаштагы эркек киши. Жигит куткарылып, абалы туруктуу деп бааланууда.
Азыркы учурда 45 жаштагы жигитти издөө иштери улантылып турат. Куткаруу иштерине МЧСтен 15 куткаруу кызматкери, ички иштер органдарынан 14 кызматкер жана жүздөн ашык жергиликтүү тургун катышууда.
Фергана каналына кулаган унаанын айланасында издөө-куткаруу операциялары уланып жатат. Ыкчам жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө абалдар министрлигинин Араван райондук бөлүмүнүн өрт-куткаруу тобу иш алып барууда.












