Талас облусунда 23-июндан бери дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Байэл Тимур уулун издөө иштери эки айга жакындап калды. Айтматов районунун Чоң-Токой айылынын четиндеги Талас дарыясына түшүп кетип, агып кеткен өспүрүмдү табуу аракети токтобой улантылууда.
Издөө иштери
8-августта издөө иштерине 320 адам катышкан. Алардын арасында Талас, Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорунун администрация башчылары жана кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургундар жана куткаруучулар бар. Издөө Талас дарыясынын жээгинде жана ага чектеш аймактарда жүргүзүлүүдө.
Издөөгө катышкандар





















