Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өлкө аймагына мамлекеттик сапар менен келет.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкө жетекчилеринен түз эле жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр пландалууда.

Андан тышкары, эки тарап бир нече эл аралык, өкмөт аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коё турганы күтүлүүдө.

Өзбекстандын президентинин бул мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары тереңдете түштү жана эки мамлекеттин достук, ишеним жана өз ара колдоого негизделген байланыштарын бекемдөөгө кошкон маанилүү кадам болору белгиленүүдө.