Нарын шаарында белгисиз адам 15-августта автовокзал аймагындагы көпүрөдөн Нарынды рекасына кулап түшкөнү тууралуу маалымат түштү.
Нарын облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, издөө-куткаруу иштери токтобой уланууда.
16-августта издөө иштерине 24 куткаруучу жана ИИМден 30 кызматкер тартылып, жалпы 54 адам катышты.
Нарын шаардык милиция бөлүмү бул факт катталганын жана учурда издөө иштеринин улантып жатышканын маалымдады.











