Ош шаарынын тургундары батирлердеги сууктан улам мэрияга кайрылып, социалдык тармактарда жылуулуктун эрте берилишин талап кылып жазышууда. Жарандар шаардык бийликтен жылуулук берүү сезонун баштоону өтүнүүдө.

Шаардык бийлик бул маселени профилдик кызматтардын жетекчилери жана энергетика тармагынын адистери менен талкуулаганын билдирди. Алардын маалыматы боюнча, азыркы учурда Оштогу орточо суткалык температура 11–12 градус жылуу. Күндүз аба +18 градуска чейин жылыйт, ал эми түнкүсүн +5 градуска чейин төмөндөйт.

Колдонуудагы эрежелер боюнча, жылуулук берүү сезону орточо суткалык температура 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат. Азыркы учурда бул шарт аткарыла элек.

Мэрия ошондой эле сууктун айынан электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн, бул шаардын энергетикалык системасына кошумча жүк болуп жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу бийлик Ош ТЭЦинин, «Ошжылуулукэнерго» ишканасынын жана энергетикалык кызматтардын адистери менен биргеликте жылуулук берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Акыркы чечим кийинки жумада шаардык штабдын жыйынында талкууланат. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, жылуулук сезонуна керектүү температуранын төмөндөшү 8–10-ноябрда күтүлөт.