Ош областынын Араван районунда жайгашкан Дөбө-Коргон айылынын аймагында 15-июль күнү легковой унаа Фергана каналына кулап түшкөнү белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, машинанын ичиндеги эркек киши — 1981-жылы туулган адам, каза болуп калды.

Окуя тууралуу кабар алган соң, №64 өрт-куткаруу бөлүмүнүн оперативдүү тобу окуя болгон жерге жөнөп, издөө куткаруу иштерин баштаган.

Алгач унаанын ичиндеги эки адамдан бири дароо куткарылып, абалы туруктуу болуп бааланган.

1981-жылы туулган экинчи адамды издөө иштери түнү бою жана эртең менен да үзгүлтүксүз уланган. Операцияга милициянын төрт кызматкери жана 30 жергиликтүү тургун кошулган.

Жалпы алганда, издөө-куткаруу иштерине 59 адам катышкан.

16-июлда саат 15:20да куткаруучулар «Daewoo Matiz» маркасындагы унааны Фергана каналынан алып чыгышып, ичинде каза болгон адамдын сөөгүн аныкташты.

Сөөк тиешелүү адистердин катышуусунда жакындарына тапшырылды.