Ош шаарында узундугу 32 чакырымды түзгөн түштүк айланма жолун куруу пландалууда. Долбоор ишке ашса, транзиттик унаалар шаардын борборуна кирбей өтө алат. Бул тууралуу мэриянын маалыматында айтылат.

Кызматташуу меморандумуна Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» жол-курулуш компаниясынын директору кол коюшту.

Долбоордун алкагында заманбап автомобиль жолунан тышкары транспорттук түйүндөрдү, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу каралган.

Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы жол шаардын борбордук көчөлөрүндөгү унаа агымын азайтып, жол тыгындарын кыскартууга жана кыймыл коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.