Ысык-Көл акваториясында бүгүнкү рейд учурунда Кытайда жасалган 1,5 миң метр эски синтетикалык тор табылып, алынды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Рейддин жыйынтыктары
Рейдге катышкандар ошондой эле 20 кг таштанды чогултушту. Көлдүн акваториясын тазалоо иштери улантылууда, деп кошумчалады ведомство.
















