«НЭСК» ААКтын филиалы болгон Бишкек электр тармактар ишканасында 4-6-ноябрь күндөрү жарандык коргонууга даярдык абалына баа берүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер ишкананын өзгөчө кырдаалдарда иш-аракет кылууга даярдыгын, кабарлоо жана байланыш системаларынын абалын, зарыл материалдык ресурстар менен камсыз болуусун жана кызматкерлердин даярдык деңгээлин баалашат.

Өзгөчө көңүл кызматкерлердин ыкчам аракеттенүүгө даярдыгына, бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга жана өзгөчө кырдаалдар шартында электр тармактык чарба объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого бурулууда.