Министрлер кабинети Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (АӨИБ) менен түзүлгөн алкактык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Документ 2026–2028-жылдарга эсептелген жана Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 500 миллион долларга чейин каражат тартууну көздөйт.

СторисКыргызстан АӨИБден 500 млн доллар тартат: ГЭС, жолдор жана турак-жай курулатСлайддар: 3
  1. Кыргызстан АӨИБден 500 млн доллар тартат: ГЭС, жолдор жана турак-жай курулат
  2. 500 миллион доллар — Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө каражат
  3. Камбар-Ата ГЭС-1: 200 млн доллар; Жашыл турак-жай: 65 млн доллар; Ирригация: 50 млн доллар; Ош—Манас жолу: 50 млн доллар

Макулдашуу 2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган. Каржы министрлигинин негиздеме-маалымкатына ылайык, каржылоо мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кредит түрүндө берилет.

Кайсы долбоорлор каржыланат?

Макулдашууга тиркемеде алты артыкчылыктуу багыт көрсөтүлгөн. Эң чоң сумма — 200 миллион доллар — Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна бөлүнгөн. Аны каржылоо 2027–2028-жылдары бекитилиши күтүлүүдө.

Каржылоо багыттары

200млн доллар — Камбар-Ата ГЭС-1
65млн доллар — жашыл жана жеткиликтүү турак-жай
50млн доллар — ирригацияны өнүктүрүү
50млн доллар — Ош—Манас жолун реконструкциялоо
50млн доллар — туруктуу экономикалык өсүү, энергетикалык жана азык-түлүк…

Жашыл жана жеткиликтүү турак-жай программасына 2027-жылы 65 миллион доллар багытталат. Ирригация системасын өнүктүрүүгө 50 миллион доллар каралган, ал да 2027-жылы тартылат.

Ошондой эле Ош—Манас автомобиль жолун реконструкциялоого 50 миллион доллар, ал эми туруктуу экономикалык өсүү, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун колдоо программасына дагы 50 миллион доллар бөлүнөт.

Өзүнчө пункт катары Ош шаарында балдар ооруканасын куруу каралган. Бул долбоорду каржылоо көлөмү азырынча аныктала элек, аны бекитүү 2028-жылы күтүлүүдө.