Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев профилдик кызматтарга 8-ноябрды күтпөстөн жана белгиленген температуралык чекти эске албастан, турак үйлөргө жылуулук берүүнү баштоону тапшырды. Бул тууралуу ал шаардык мэриянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мэрияга батирлериндеги суукка даттанган шаардыктардан көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.

Силер жылуулук 8-ноябрда берилет деп жатасыңар. Бирок бул кеч. Көп кабаттуу үйлөрдө кичинекей балдары бар үй-бүлөлөр бар, аларга азыр кыйын. 8-ноябрды жана белгиленген температураны күтүүнүн кереги жок. Учурда тургундар кайрылып жаткан эң көп суроо — дал ушул. Баштагыла.
Жанарбек Акаев, Ош шаарынын мэри

Буга чейин шаар тургундары жылуулуктун жоктугуна нааразычылык билдиришкен. Муниципалитет адатта жылытуу мезгили абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн түшкөндө башталарын түшүндүргөн. Гидрометеорологиялык кызматтын божомолу боюнча, зарыл болгон суук 8—10-ноябрда күтүлгөн.

Жакынкы күндөрү Ошто салыштырмалуу жылуу аба ырайы сакталат: күндүз аба +16…+18 градуска чейин жылыйт, түнкүсүн температура +6…+9 градусту түзөт.