Форум «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тең төрагалык кылышууда.
Иш-чаранын негизги темасы — эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө аймактардын ролу. Катышуучулар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү жана аймактар ортосундагы түз кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашат.
Форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, аймактык администрациялардын жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.
Катышкан аймактар
- Кыргызстандан: Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустары, ошондой эле Ош шаары.
- Казакстандан: Жамбыл, Алматы жана Чыгыш Казакстан облустары, ошондой эле Түркстан шаары.
Форумдун алкагында кызматташтык тууралуу меморандумдарга жана коммерциялык документтерге кол коюу алмашуусу болот. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулоо үчүн B2B жолугушууларын өткөрүшөт.
Бул форум эки өлкөнүн ортосундагы аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
































