Майрамдык иш-чаралар Т. Усубалиев атындагы аянтта башталды. МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы алынган 50дөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.

СторисЖол тармагына жаңы техника жана каржылоо боюнча маалыматСлайддар: 5
  1. Жол тармагына жаңы техника жана каржылоо боюнча маалымат
  2. 50 дөн — Жаңы техниканын саны
  3. 60 млрд сом — Жылдык каржылоо суммасы
  4. Жол тармагынын өнүгүшүнүн маанилүү көрсөткүчтөрү: 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталды; 2010–2020-жылдар аралыгында 648 техника алынган; 2022–2026-жылдарда 1344 жаңы техника сатып алынган; Мурунку жылдарда 2 млрд сом бөлүнсө, азыр 60 млрд сомго жетти
  5. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чараларга катышты. Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган 50дөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Кадырлуу жолчулар! Акыркы беш жылда өтө көп чоң жолдор салынды. Өлкөнүн бардык аймагын кошкондо маселен асфальт төшөө иштеринде, 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталды.
Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Министр Талантбек Солтобаев жаңы техника тууралуу маалымат берди. Анын ичинде самосвал, автогрейдер жана жүктөгүчтөр бар. Бул машиналар жол чарба тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, автомобиль жолдорун курууда жана оңдоо иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жол тармагына жаңы техника

50+жаңы техника
3түрү: самосвал, автогрейдер, жүктөгүч
60 млрд сомжылдык каржылоо

Статистика боюнча, 2010–2020-жылдар аралыгында тармакка 648 техника алынган. Ал эми 2022–2026-жылдары 5 жылда 1344 жаңы техника сатып алынган.

Салтанаттуу иш-чара филармонияда

Андан соң Адылбек Касымалиев Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияга барып, жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өз сөзүндө ал Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен акыркы беш жылда мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгү кеңейгенин белгиледи. Мурда жол тармагына жылына болжол менен 2 млрд сом бөлүнсө, акыркы жылдары каржылоо 60 млрд сомго жетти.