Ош шаарында жылуулук берүү 8-10-ноябрда башталат. Бул тууралуу вице-мэр Эрнис Толтоев билдирди.

Анын айтымында, шаар тургундарынан жылуулук берүүнү баштоо боюнча кайрылуулар келип түшө баштаган. Ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн өсүшү маселеси да тиешелүү адистер менен талкууланды.

Учурда шаарда абанын орточо температурасы +11...+12°C түзөт. Күндүз +18°Сге чейин жетет, кечинде +5°Сге чейин төмөндөйт. Бекитилген жобого ылайык, жылуулук берүү сезону орточо суткалык температура беш күн катары менен +8°C же андан төмөн болгондо башталат. Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, 8-10-ноябрда температура белгиленген чекке жетет деп күтүлүүдө.
Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри

Эскерте кетсек, жылуулук берүү сезонунун башталышы Гидрометеорологиялык кызматтын божомолдоруна негизделген.