Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы ири долбоорлордун ишке ашырылышын жеринде көрүп чыкты. Мэр Жанарбек Акаев ага шаардын өнүгүүсүнө багытталган бир нече маанилүү демилгелерди тааныштырды.

Атап айтканда, Б.Осмонов көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштери, таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү заводдун долбоору, ошондой эле Ак-Буура дарыясын тазалоо жана жээктерин көрктөндүрүү боюнча экинчи этаптагы иш-чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Негизги инфраструктуралык долбоорлор

Сапардын жүрүшүндө С.Жусуев, Курманжан-Датка, Б.Осмонов жана Т.Касымбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорттук айрылыштын жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн курулушу каралды. Бул долбоор шаардагы тыгындарды азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат.

Ошондой эле Озгур айылында «Конур-Жаз» агроөнөр жай комплексин куруу маселеси талкууланды. Комплекстин жалпы аянты 69,76 гектарды түзүп, 10 миң баш малды багууга ылайыкташкан. Ага 20 миң куб метрлик суу сактагыч жана эки насостук станция курулууда. Бул 400 гектар кайрак жерди сугат суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Долбоор толук ишке киргенде 910 жаңы жумуш орду түзүлөт.

«Конур-Жаз» агрокомплексинин негизги көрсөткүчтөрү

69,76гектар жалпы аянты
10 000баш малга ылайыкталган
20 000куб метр суу сактагычтын көлөмү
400гектар сугат суусу менен камсыз болот
910жаңы жумуш орду

Түштүк айланма жолунун долбоору

Ошондой эле Ош шаарынын Түштүк айланма жолунун курулушу боюнча долбоор сунушталды. Долбоорго ылайык, төрт тилкелүү жолдун узундугу 32 чакырымды түзөт. Ага кирүү Бишкек–Ош унаа жолунан башталып, кийин Ош–Баткен–Раззаков жолуна чыгат.

Ак-Буура дарыясы аркылуу 507 метрлик эстакадалык көпүрө курулат. Бул айланма жол шаардын борборун айланып өтүп, транзиттик транспорттун агымын азайтат жана аймактын экономикалык байланышын чыңдайт.