Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон иш сапарында «Ош Сити» IT-шаарчасынын долбоору менен таанышты. Бул шаарча 71 гектар аянтта курулууда жана анда 17 миң 200 батир, үч мектеп, эки бала бакча, оорукана жана IT-хаб куруу пландалууда. Долбоор ишке ашкандан кийин 15 миң жумуш орду түзүлөт.
«Ош Сити» долбоору
Андан соң Касымалиев Осмонов көчөсүнүн капиталдык оңдолушу менен таанышты. Кайра курулуучу тилкенин узундугу 5 чакырымды түзөт. Жол алты тилкеге чейин кеңейтилүүдө. Долбоор боюнча тротуарлар жана тогуз автобус аялдамасы курулат. Иштерди жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Андан кийин премьер-министрге калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча заводдун долбоору тааныштырылды. Долбоордун баасы 95 миллион долларды түзөт. Ишкана суткасына 800дөн 1 000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштете алат.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин экинчи этабы менен таанышты. Шаар аркылуу өтүүчү 17 чакырымдык участок иштерди жүргүзүү үчүн төрт бөлүккө бөлүнгөн. Экинчи этапка 24 миллион сом бөлүнгөн. 63 миң 253 куб метр сел калдыктарын, кумду жана шагылды чыгаруу пландалууда.
Сапардын соңунда Касымалиев «Конур-Жаз» айыл чарба комплексине барды. Долбоор 69,76 гектар аянттагы комплекс курууну карайт, ал 10 миң баш мал багууга ылайыкталган. Комплекс 910 жумуш ордун түзөт деп күтүлүүдө.





















