Кыргызгидромет борбору 7-ноябрда тоолуу райондордо кар көчкүсү, кар күрткүсү, муз катмары жана тайгак күтүлөрүн эскертти. Өзгөчө коркунуч Каракол — Эңилчек автожолунун 74-90-чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда болот.
Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Аймактардагы температура
Температуралык көрсөткүчтөр (түнкүсүн / күндүз)
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25 градус. Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20 градус. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25 градус. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+3, күндүз +9…+11 градус. Нарын облусунда түнкүсүн 0…−5, күндүз +8…+13 градус болот.
Шаарлардагы температура
Шаарлар боюнча (түнкүсүн / күндүз)
Ош шаарында түнкүсүн +5…+7, күндүз +22…+24 градус. Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +22…+24 градус болот.

















