Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы өлкөдө дизайнерлерди жана бренддерди өнүктүрүү борборун түзүүнү сунуштады. Бул демилге 5-ноябрда Бишкекте өткөн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форумда айтылды.
Ассоциациянын төрайымы Дилорамкан Дуйшобаеванын айтымында, долбоордун болжолдуу баасы 2 миллион еврону түзөт, бирок бул алдын ала эсеп, каржылоо азырынча бекитиле элек.
Борбордо дизайнерлер, технологдор жана ишкерлер даярдалат, коллекцияларды түзүү, дизайн иштеп чыгуу жана бренддерди башкаруу боюнча окутуулар өтөт.
Борбор үчүн болжол менен 1000 чарчы метр аянттагы жай каралууда. Анда дизайнерлер, технологдор жана ишкерлер даярдалат: коллекцияларды түзүү, дизайн иштеп чыгуу жана бренддерди башкаруу боюнча окутуулар өтөт.
Дуйшобаева демилгени экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковго сунуштаганын билдирди. Министр потенциалдуу донорлорго презентация даярдоону сунуштады. Анын маалыматы боюнча, ЮНИДОнун колдоосу менен мындай борборлор Борбор Азия өлкөлөрүндө иштеп жатат.
Ассоциация ошондой эле эл аралык аккредитациясы бар текстиль лабораториясын түзүүнү сунуштайт. Бул лаборатория кездемелердин курамын жана сапатын, боёктордун коопсуздугун жана химиялык заттардын бар-жогун текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Үчүнчү багыт — ишкерлерди, дизайнерлерди, технологдорду жана өндүрүш адистерин окутуу, эл аралык сапат стандарттарын киргизүү. Дуйшобаева ЮНИДОну Кыргызстандын бул демилгелерин ишке ашырууда стратегиялык өнөктөш болууга чакырды.









