Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин аймактык экономикалык өнүгүү боюнча кеңешчиси Чарли Моррис менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош шаарындагы инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана чакан жана орто бизнести колдоо тууралуу маселелерди талкуулады.
Ош шаарында аялдар жана жаштар үчүн ишкердүүлүктү өнүктүрүү демилгелерин активдештирүүдө кызматташуу маселеси дагы каралды.
Жыйынтыгында Ош шаары менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташууну тереңдетүү жана перспективдүү багыттар боюнча диалогду улантуу боюнча макулдашууларга жетишилди.








