Ош облусунан шайланган делегаттардын жалпы жыйыны бүгүн Ош шаарында өттү. Анда V Элдик Курултайга даярдык көрүү иштери каралып, уюштуруу маселелери чечилди.
Жыйынды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев ачып, делегаттарды шайлангандыгы менен куттуктады. Ал эл менен бийликтин ортосундагы байланышты камсыз кылуу чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн баса белгиледи.
Делегаттарга эл менен бийликтин ортосундагы байланышты камсыз кылуу чоң жоопкерчилик жүктөлөт.
Делегаттардын курамы
Күн тартибинде эмнелер каралды?
- Ыйгарым укуктуу өкүлдүн жыл ичинде аткарган иши тууралуу маалымат
- Улуттук Кеңештин жана эсептөө комиссиясынын курамын түзүү
- Жарыш сөзгө чыга турган делегаттарды аныктоо
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук Кеңештин мүчөлөрү ар бир райондон калктын санына жараша шайланганы белгиленди. Делегаттар ошондой эле Улуттук Кеңешке жана эсептөө комиссиясына талапкерлерди сунушташты.
Жыйынга Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү жана V Элдик Курултайдын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү да катышты.






























