Ош облусунда 418 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Алардын ичинен 253 эне «Баатыр эне» ордени, ал эми 165 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.
Сыйлоо аземдери облус аймагындагы ар кайсы райондордо өткөрүлүп, көп балалуу энелердин эмгеги өлкө тарабынан бааланганын көрсөттү.

