Кыргызстанда электр энергиясын суткалык керектөө 46,184 миллион киловатт-соатка жетти. Бул көрсөткүч мурунку күнгө караганда 1,9% төмөндөп, 879 миң кВт.саатка кемиди.

2026-жылдын 29-июлуна карата энергетикалык система толук штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында жүк ашуулар же техникалык бузулуулар болгон жок.

Кышкы мезгилге даярдык иштеринин алкагында электр тармактарынын объекттеринде пландалган оңдоо иштер улантылууда. Алардын графиги НЭСКтин расмий сайтында жана "Менин жарыгым" мобильдик тиркемесинде жарыяланган.

Энергетика министрлиги керектөөчүлөргө электр энергиясын, өзгөчө жүктүн жогору болгон сааттарында, үнөмдүү пайдаланууну эскертет.