2026-жылдын 28-июлунда Кара-Суу районунда көп балалуу энелерге арналган мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аземге ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев жана Кара-Суу районунун акими Чынгыз Бапаев катышып, сыйлыктарды ыйгаруу иштерин алып барышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы №161 жана №162 жарлыктары боюнча Кара-Суу районунан 90 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Алардын ичинен 49 энеге «Баатыр эне» ордени, калган 41 энесине «Эне Данкы» медалы берилди.

Бул сыйлыктар үй-бүлөнү чыңдоого, келечектин муундарын тарбиялоого кошкон салымы үчүн берилген жогорку баа болуп эсептелет.