Нарын облусунун Ат-Башы районунда 40 көп балалуу энеге мамлекет тарабынан сыйлык тапшырылды. Бул иш-чара Мамлекет башчысынын атайын Жарлыгынын негизинде уюштурулду.
Аталган иш-чарада 18 энеге «Баатыр эне» ордени, ал эми 22 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Мындан тышкары, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын атынан сыйлыктарды алгандарга баалуу белектер да берилди.
Бул майрамда райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери энелерге арналган концерттик программа менен шыктандырышты.



