Баткен районунда көп балалуу энелерге карата мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул иш-чара президенттин атайын жарлыгына ылайык уюштурулду.

Жалпысынан 70 эне сыйланды. Алардын ичинен 36сы «Баатыр эне» орденине, 34ү «Эне даңкы» медалына татыктуу болду.

Аземге Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен району башчысынын орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Өкмөт өкүлдөрү сыйланган энелерди куттуктап, алардын үй-бүлө жана коомдогу зор эмгегин белгилешти. Ошондой эле энелерге мамлекеттик сыйлыктардын катарында белек да тапшырылды.