Мамлекеттик финансылык холдинг ушул жылы бюджеттик насыялоо алкагында 39 ишкерге 350 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүп берди. Бул тууралуу 12-ноябрда радиодо сүйлөгөн учурунда Финансы министрлигинин Региондорду өнүктүрүү департаментинин башчысы Азиз Озонов билдирди.
Азиз Озоновдун айтымында, учурда дагы 580 миллион сомдук долбоорлор каралууда. Госфинхолдинг Финансы министрлигинин бюджеттик насыялоо чөйрөсүндөгү агенти болуп саналат жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Финансы министрлигинин демилгелери менен ишке ашырылган долбоорлорду ишке ашырат.
«Региондорду экономикалык өнүктүрүү» долбоору Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Насыялар 2% чен менен, 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет, ал эми бир ишкерге берилүүчү сумма 20 миллион сомго чейин жетет.
Бул каражаттар туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттыкты сактоо, билим берүү, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, иштетүү жана сактоо тармактарына жумшалат. Өткөн жылы региондорду өнүктүрүү фонддорунун эсебинен Госфинхолдинг 1 миллиард сомдон ашык суммадагы 250ден ашык долбоорду ишке ашырган.







