Министрлер Кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жана 2028-2029-жылдарга болжолдонгон көрсөткүчтөрдү сунуштады.
Бюджеттин жаңы долбоорунда окуу китептери үчүн 895 миллион сом каралган. Бирок, 26-сентябрда Президент №336 указы менен 2027-2030-жылдар аралыгында окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүүнү чечкенди. Эгерде бул сумманы төрт жылга тең бөлүп чыксак, жылына болжол менен 2,1 миллиард сом болушу керек.
Окуу китептерине жумшалган каражат150 млн сом сом815 млн сом сом +443%
Учурда келерки жылга Президенттин указы менен бөлүнгөн жалпы сумманын болжол менен ондон бир бөлүгү гана каралган. Бул бир жылга тапшырылышы керек болгон каражаттын жарымынан да аз дегенди билдирет.
Акчалар жетиштүү көлөмдө бөлүнөт.
Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Аламудун районунун тургундары менен жолугушууда 1-12-класстар үчүн окуу китептери акысыз болорун жана эки жылдын ичинде бардык мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кыларын убада кылган. 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу, Билим берүү жана илим министрлиги 29-сентябрда калдык 38 миллион нусканы чыгаруу керектигин билдирген.
Бюджеттик каражаттардын салыштырмалуу көрсөткүчтөрү












