Министрлер Кабинетинин башчысы жана Президенттин Администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү жыл сайын жашоо минимумунун деңгээлине чейин жогорулатыла турганын айтты. Бул маалыматты ал 17-ноябрда Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Муну мурда эле көтөрүп келе жатканбыз. Мурда 1 миң, 2 миң, андан кийин 3 миң сом болчу. Азыр биз аны иштегендердин жашоо минимумуна теңеп койдук жана андан ары жыл сайын жогорулата беребиз.
Адылбек Касымалиев

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев эң төмөнкү эмгек акынын 3 миң сомдон 9,8 миң сомго чейин кантип өскөнү боюнча суроо берди. Ошондой эле ал жеке ассистенттерге төлөмдөрдү бюджетке киргизүү боюнча мурунку убадаларды эске салды. Адылбек Касымалиев ассистенттер боюнча сунуш менен макул экенин, бирок концепция биринчи окууда бекитилгенден кийин гана бардык сунуштар карала турганын белгиледи.

Мындан тышкары, бюджеттин профицитине байланыштуу капиталдык салымдарды көбөйтүү маселеси да көтөрүлдү. Депутат Дастан Жумабеков бюджеттеги 32 млрд сомдук ашыкча каражатты эске алуу менен, капиталдык салымдарга 10 млрд сомдун ордуна 37–40 млрд сом бөлүүнү сунуштады.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, бюджеттин профицити — бул эркин акча эмес, ал эми капиталдык салымдар кошумча каражаттар түшкөн сайын жыл ичинде көбөйө берет.