Кыргызстанда билим берүү тармагына бөлүнгөн акча кескин көбөйүшү мүмкүн. Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген такталган бюджеттин долбоорунда Билим берүү министрлигине 97,01 миллиард сом каралган. Буга чейин 2026-жылга 54,36 миллиард сом пландалган эле.
Демек, мекеменин каржылоосу 42,65 миллиард сомго көбөйөт. Көбөйгөн каражаттын негизги бөлүгү билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга багытталат.
Айлык акыга кошумча 36 миллиард сомдон ашык каражат
Каржы министрлигинин түшүндүрмө катында билим берүү мекемелерине айлык акыны көтөрүү үчүн 28,59 миллиард сом кошумча каралганы айтылат. Бул каражат 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга жумшалат.
Дагы 7,68 миллиард сом бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлыгын өз убагында каржылоо үчүн бөлүнөт. Эки статья боюнча жалпы кошумча 36,27 миллиард сомду түзөт — бул министрликтин бюджетинин жалпы өсүшүнүн 85 пайызына жакыны.
Билим берүү министрлигинин бюджети (сом)
Такталган бюджетте министрликтин эмгек акыга кеткен чыгымдары 75,65 миллиард сомду түзөт. Социалдык фондго чегерүү 12,14 миллиард сом болот.
Мугалимдерге ноутбук сатып алууга 715 миллион сом
Долбоордо педагогдорду компьютердик техника менен камсыздоого кошумча каражат бөлүнгөн. Мугалимдерге ноутбук сатып алуу үчүн 715 миллион сом каралган.
Буга чейин билим берүү тармагын санариптештирүү маселеси көтөрүлүп келген. Эми мугалимдердин заманбап техника менен иштөөсүнө шарт түзүлөт.














